Ая деген каймана ысым менен орус эстрадасында ордун тапкан Кыргызстандан чыккан ырчы Светлана Назаренко менен КР Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева «Дарак ыры» кыргыз мюзиклинде саундтрек жазышкан.

 

Бул тууралуу аталган тасманын продюсери Толкун Дайырбеков жарыялады.

 

Анын айтымында, бул ырдын жазылышы жана клибинин тартылышы Москвадагы Игорь Матвиенконун студиясында жүргүзүлгөн.