Журналист Элнура Алканова өзүнө карата ачылган кылмыш ишин мыйзамсыз иш аракеттерди ашкерелегендиги үчүн куугунтуктоо кабылганына байланыштырды.
Ал бул тууралуу маалымат жыйынында билдирди.
«Мен ашкерелеген коррупционерлердин эмес, менин үстүмдөн кылмыш ишин козгошту. Менимче, Кыргызстанга буга чейин жаш журналисттерге кылмыш иши ачылып, мынча жылга чейин соттолуп кетүү коркунучу пайда болбогон. Мен жазган нерселер жалгыз эле мага эмес, элге да керек. Эгер сиздер бизге жөнөкөй ушак эмес, фактылар керек деп эсептесеңиздер, анда бул чуулгандуу иште мени колдоп, мага жардам бериңиздер. Бирге акыйкат чечимге келели», - деди журналист.
Эске салсак, журналист Максим Бакиевден калган коттеждер тууралуу макала жарыялаган. Каржы полициясынын тергөөчүлөрү Алкановага бул макаласынан улам банктык жана коммерциялык жашыруун сырларды ачты деп айыпташкан.
Жарандык активист Адил Турдукулов журналистке козголгон кылмыш ишин: «Бул коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү аракеттеринин артка кадам таштаганы» деп баалады.