Картинки по запросу 1 тонна бешбармак  Картинки по запросу 1 тонна бешбармак 

 

 

5-март Ак калпак күнү. Бул күндүн урматына Бишкекте 1 тонна кыргыз бешбармагы жана 100 метр чучук жасалаары маалым болду.

 

Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева соцтармактагы баракчасына жазды.

 

«Кудай кааласа биздин улуттук бешбармагыбыз Гиннес китебине кирет.

 

5-март ак калпак күнүнө карата 1 тонна кыргыз бешбармагы , 100 метр кыргыз чучугу даярдалат» - деп жазган Кулуева.

 

Эске салсак, буга чейин Казакстандын борбору Астананын 17 жылдык мааракесинде дүйнөдөгү эң көп бешбармак жасалган. Бирок, ал 687 кгны түзгөн. Аны жасоого 40 ашпозчу катышкан.

 

Астанага Гиннестин рекорддор китебинин супервайзери келип, көлөмдүү бешбармакты Гиннес китебине каттаган.