Ош облусунун Кара-Суу районундагы мектептердин биринде 10-классынын окуучусу өз өмүрүн өзү кыйды. Бул тууралуу аймактык укук коргоо кызматы маалымат каражаттарына тастыктаган.
Маалыматка караганда, окуя 18-февралда болгон. Күндүз ата-энеси үйдө жокто кыз асынып алган. Аны текшерүүдө күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери табылган эмес.
Укук коргоо кызматынын билдиргени боюнча, кыздын классташтары жана мугалимдери жакшы мүнөздөмө беришкен. Ата-энесинин айтымында, кыз токтоо болгон жана эч ким менен урушуп талашкан эмес.
Учурда бул окуя териштирилүүдө.