Жогорку Кеңештин экс-спикери Абдыганы Эркебаев Текебаевди мөөнөтүнөн мурда бошотулат деп ишенет.
«Ата Мекен» партиясынын лидери «коррупция» беренеси боюнча соттолгон.
Абдыганы Эркебаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады:
«Белгилүү саясий жана коомдук ишмерлерге байланышкан, коомдо резонанс жараткан бир катар соттук иштерди талдап чыгууга көзкарандысыз комиссия түзүү керек. Мыйзамды бузган адам укук коргоо жаатынын өкүлүбү, же сотпу, жазасыз калбашы зарыл. Ага карата эң катаал чара колдонуу керек. Акыйкатсыздык болуп, мыйзам бузулуп жатканын көрсөм чыдап карап тура албаймын», - деди экс-спикер.
Ал Текебаев бул жылы 60 жашка толоорун белгиледи.
«Мен Текебаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна ишенем. Анткени, бир катар юрист-эксперттердин корутундусунда ал мыйзамсыз соттолду», - деп жыйынтыктады сөзүн Эркебаев.
Текебаев 8 жылга эркинен ажыратылган.