Журналист Элнура Алканованы үч жылга эркинен ажыроо коркунучу күтүп жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Жыргал Бабаев маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, Каржы полициясынын тергөөчүлөрү кылмыш ишин козгошуп, журналистке КР Кылмыш жаза кодексинин «Маалыматтарды мыйзамсыз алуу» жана «Банк жана коммерциялык сырларды ачыкка чыгаруу» беренелери боюнча айып тагышкан. Бул беренелер боюнча айыпталган адамга айып санкциялары жана үч жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Адвокат прокурор компетенттүү болсо, кылмыш ишин токтотот деген үмүтүн жашырбады:
«Кылмыш ишин прокуратурага өткөрүп беришти. Эгер прокурор компетенттүү болсо, ишти тергөөгө токтотуу көрсөтмөсү менен кайтарат. Элнура Алкановага айыпты мыйзамсыз тагышты. Банк жана коммерциялык сырларды ачыкка чыгарганын далилдеш керек болчу. Эксперттин корутундусу керек. Бирок, ага карабай журналистке айып тагышты», - дейт адвокат.
Эске салсак, журналист Максим Бакиевден калган коттеждер тууралуу макала жарыялаган.