КСДПнын экс-депутаты Жусубали Исаев жол кырсыгына кабылып, каза тапты.

 

Жол коопсуздугу боюнча Башкы башкармалыктын маалыматына караганда, окуя 18-февралга караган түнү Ош-Исфана унаа жолунун 290-чакырымында болгон.

 

Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны жергиликтүү тургун айдап бараткан. Рулду башкара албай калып, жол жээгинде турган КамАЗга урунган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, бул убакта жолду туман каптап турган.

 

Экс-депутат ооруканага бараткан жолдо каза тапкан.