Абакта ачкачылык кармап жатышкан саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыровдорду ар башка колонияларга которуу боюнча чечим кабыл алынганы айтылууда. Бул тууралуу алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев билдирген.

 

Маалыматка караганда,   оппозиционерлер 20-февралда абактарга бөлүштүрүлөт:

 

«Аларды башка-башка колонияларга которушат деген сөз чыгып атат. Бирок, азырынча тактала элек. Кыязы, бул чогулуп алып ачкачылык жарыялашпасын деген саясат», - деген адвокат.

 

Эске салсак, аталган саясатчылар бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалып, Асанов менен Кадыров 12, Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылышкан.

 

Алар УКМК жетекчисинин кызматтан кетүүсүн талап кылышын ачкачылык кармашкан.