Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Восток айылында аял үйүндө төрөп, баласын баштыкка салып койгон. Айтылган дарек боюнча барган дарыгерлерге ошол жердеги адамдар баштыкка салынган ымыркайды дивандын түбүнөн табышканын айтышкан.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аял аталган айылдагы фермалардын биринде иштейт. 32 жашта. Ал үйүндө төрөп, баласын баштыкка салып, дивандын алдына жашырып койгон. Ферманын башка кызматкерлери ымыркайды табышкан, бирок, чарчап калган.
Аял төрөгөндөн кийин гана Тез жардамга телефон чалышкан. Учурда эне эмнеге баласын баштыкка салып койгону териштирилүүдө.