Кыргызстандын түштүк башкалаасында мусулмандарды ажылыкка каттоо “Сулайман тоо” мечитинде жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар казыятынын өкүлү Жанарбек Матиев билдирди.

 

- Ошондуктан, шаардыктар Меккеге зыярат маселеси боюнча  казыятка, же “Сулайман тоо” мечитинде жайланышкан казылыкты уюштуруу борборуна кайрылышса болот, - деп кошумчалады Ош шаар казыятынын өкүлү Жанарбек Матиев.

 

Эске салчу жагдай: мусулмандарды ажылыкка каттоо 23-январдан 23-февралга чейин жүргүзүлөт. Баса, быйыл Меккеге зыярат кылууга биометриялык паспорт менен гана бара алышат. Зыяратчылардын саны менен бирге, акы дагы кымбатташы күтүлөт.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: “Майдан. kg” гезити