Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил эс алуу багында көчө китепканасы ачылды. Бул тууралуу “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин активисттери кабарлашты.

 

Баса, буга дейре мындай китепканалар Кыргызстанда биринчи ирет Ош жана Бишкек шаарларында ачылган эле. Көчө китепканасы - бул эс алуу багында орнотулган китеп текчеси. Анда жайгаштырылган китептер коомдук пайдалануу үчүн гана коюлган, андыктан, окурмандар китептерди эс алуу багынын аймагында гана окууга тийиш! Калоочулар өздөрү китеп текчесин башка китептер менен дагы толукташса болот. Аталган саамалык жаштардын эс алуу жайларында убактыларын пайдалуураак өткөрүү, китепти сүйүүгө чакырык сыңары жүзөгө ашырылып келатат.

 

Буга дейре Жалал-Абад шаарында эки жолу көчө китепканасын уюштуруу аракети көрүлгөн. Бирок, андагы китептер уурдалып кеткен.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити