Бактыкан Ажымаматова журналисттик өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн телевидениеге арнаган. Ушул тапта Жалал-Абад облустук “Акыйкат” гезитинде кабарчы болуп эмгектенип келатат.
Соңку күндөрдө калемгер 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы айтылуу июнь коогалаңында Сузак районунун аймагындагы “Санпа” пахта тазалоочу заводунун жанындагы жүз берген өтө кайгылуу окуя жөнүндө “Санпа трагедиясы” аттуу эскерүү китебин басмадан чыгарды.
- Ошол июнь коогалаңы тутанган маалда мен Бишкекте элем. “Бешинчи каналда” тажрыйба өтөп жүргөм. Бул калабаны угуп, такыр чыдабай Жалал-Абадга жол тарттым. Балам дагы мектепте окучу. Адегенде ошону ойлодум, эне сыңары түтпөдүм. Таксиде келатсак, “Санпа” заводу жайланышкан Топурак-Белде жалындап от күйүп жаткан экен. Бирок, жол тыптынч эле. Эмне болгонуна түшүнбөй, өтүп кеттик. Жалал-Абад шаарына кирсек, көп жер согуштагыдай талкаланыптыр. Ага дейре Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясында 18 жыл иштедим, акыркы жылдарда аны жетектедим. Каналдын жаңы имаратын курдуртуп, ички-тышкы жасалгасын заманбап жасаттым эле. Ошол имарат дагы кашайып жалындаган өрткө чулганыптыр. Көрүп, чыдай албадым... Анан эле “Санпада” бейкүнөө кишилерди өлтүрүшкөнү жөнүндө маалыматтарды уктум. Жолдо ары-бери каттап жаткан 19 киши күнөөсүз эле набыт болушуптур. 48 адам дагы бейкүнөө жараланган. Ондогон машине өрттөнгөн. Бул кимге керек эле? Албетте, орду толгус трагедия! Анан ушул окуя боюнча сот иштери катарынан жүрдү. Ал жараяндарга дагы үзгүлтүксүз катыша баштадым. Кылмышкер ким? Ким кимди эмне үчүн өлтүргөнү кең-кесири териштирилип жатты. Карап отурсам, түркүн тагдырлар. Чиедей балдар жетим, а алмончоктой келиндер жесир калышты. А ата-энелер боздоп гана сот залында отурушат. Сексен-токсон жаштагы кемпир-чалдардын сотто эчкирип ыйлаганын көрүп, зээним жүда кейиди. Ушунун баарын зерикпестен кагаз бетине түшүрүп, анан “Санпа трагедиясы” аттуу мобул китепти жаздым,- деп узакка үшкүрүндү Бактыкан Ажымаматова.
- Китепте өтө оор учурлар даана жазылган,- деп сөзүн улады Бактыкан Ажымаматова,- Адамдын колунан келбей турган мыкаачылыктарды кеңири сүрөттөдүм. Баса, бул чыгармамды адегенде Бишкектеги бир басмаканага алып барсам, алар окуп көрүп, басуудан дароо эле баш тартышты. “Айып этпеңиз, мындайды чыгара албайбыз! Кийин жооп бергибиз келбейт. Мындай жырткычтык болушу дагы мүмкүн эмес!”- дешти. Мага ишенишпеди. Башка басмаканага алып барсам, аердегилер дагы дыкаат көз жүгүртүп, аябай оор жерлерин алып салуумду суранышты. Ошентип, улам кыскартып, текстти бара-бара жумшартып отуруп, 2017-жылы гана китепти эптеп чыгардык.
Ал эми акыркы маалда журналист жана жазуучу Бактыкан Ажымаматова Курманбек баатыр жөнүндө көркөм тасма тартууга камынып жүрөт. Бирок, муну үчүн Өкмөттүн каражат жагынан бекем колдоосуна муктаж. Бул көйгөйү жакын арада оң жагына жайгарылып калат деген терең үмүттө. Аман турсак, а жөнүндө дагы өзүнчө кеп кылаарбыз.
Булак: “Майдан. kg” гезити