Лондондо өткөн кинорежиссерлордун Эларалык фестивалында кыргыз кинорежиссеру Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай. 20-кылымдын Гомери» көркөм тасмасы көрсөтүлдү.
Бул тууралуу Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, тасманын дүйнөлүк премьерасы өткөн жылы 31-августта Эларалык монреалдык кинофестивалда болгон. Анда тасма «Мыкты инновациялык тасма» номинациясына ээ болгон.
Аталган тасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров тарткан. Манасчы Саякбайдын жаш кезин Бактыбек Нурмат уулу, карыган чагын Марат Жанталиев аткарган. Чыңгыз Айтматовдун образын анын уулу Элдар Айтматов ачып берген.