14-февралда кыргызстандык Петербург шаарындагы үйдүн чатырынан кулап каза тапкан.

 

Полиция маркумдун өздүгүн аныктады. Маалыматка караганда, ал Баткен облусундагы Кадамжай районундагы Таш-Коргон айылынын 1989-жылы туулган Т.А.Х.аттуу жараны болуп чыкты. Ал Санкт-Петербургдагы Борбордук районундагы №3 Жилкомсервисинде көчө шыпыргыч болуп иштеген.

 

Полициянын маалыматына караганда, кыргызстандык техникалык коопсуздукту сактабагандыктан кырсыкка кириптер болгон.

 

Учурда маркумдун сөөгү өлүкканада. Маркумдун жердеши табылды. Элчилик Жүк-200 менен сөөктү мекенине жөнөтүүгө жардам көрсөтүүгө даяр.