Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, 2017-жылы жашоонун оор акыбалына кабылган 7 980ден ашуун бала каттоого алынган. Алардын жарымынан көбү кыйынчылыктан чыгарылган.

 

Алардын арасынан асырап алууга 730 бала берилген. Опекунга 821 бала берилип, 508 баланын болжолдуу опекуну дайындалган. Балдар үйлөрүнө 894 бала жайгаштырылган.

 

 455 бала балдар үйлөрүнөн үй-бүлөлөрүнө кайтарылган. 95 бала мектептен билим алуусун улантышкан.

 

Министрлик асырап алуучу үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүүнү улантууда. 2014-жылдан бери 47 үй-бүлө окутулган.