Картинки по запросу артем новиков 

 

Экономика министри Артем Новиковдун кыргыз тилин үйрөнүүсү үчүн репертиторго 36 миң сом коротулары коомчулукка белгилүү болгон. Министрдин кыргыз тилди мамлекеттин эсебинен үйрөнө турганы элдин нааразычылыгын жараткан.

 

Бүгүн Экономика министрлиги  «министрликтин кызматкерлерин мамлекеттик тилге үйрөтүү боюнча репертитор» кызматын сатып алууга жарыялаган тендеринен баш тартканы белгилүү болду.

 

Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

 

Репертитордун кызматынан баш тартууга коомдогу терс реакция себеп болгонун белгилешкен.

 

Белгилей кетсек, тендер 12-февралда жарыяланган. Мамкомиссиянын окутуу борборунун базасындагы үч айлык курска министрликтин 100 кызматкери бара турганы айтылган. Ага жалпысынан 342 миң сом коротуу каралган. А министр Артем Новиковдун тил үйрөнүүсүнө 36 миң сом каралган.