Тээ 1995-жылы Кызыл-Кыя шаарында сейил бак үчүн атайын ажыратылган чоң аянтты соңку мезгилде турак жай куруу үчүн жер тилкеси сыңары катарынан сатып ийишкен. Бул мыйзамсыз жоруктарга активдүү аралашкан аткминерлердин  үстүнөн үч ирет кылмыш иши козголуп, бирок, тез эле белгисиз себептер менен улам жабылып келатат.

           

- 1995-жылы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы калаанын Асаналиев көчөсүндөгү 1 гектар 76 сотых жерди чоң сейил бакка айландыруу үчүн атайын ажыраткан,- деди республикалык “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин түштүк аймагы боюнча координатору Розакан Маманова. – А түгүл дал ушул максатта калаа бюджетинен 650 миң сом дагы бөлүнгөн. Мына, жыйырма жылдан ашык убакыт өттү. Ушунча аянтты эч ким дегеле өздөштүргөн жок! Тескерисинче, ал жер акыркы жылдарда байларга жана аткаминерлерге элиталык үйлөрдү куруу үчүн жең ичинен гана сатылып кетти.

 

- Дагыле эсимде. Ошондо бул 1 гектар 76 сотых катарынан тегиз жашылдандырылып, буга улай бак-дарактар дагы олтургузулган. Бирок, кийинчерээк мунун баарын кимдир бирөөлөр чекесинен бүлүндүрүп жок кылышты,- деп үшкүрүндү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жарандык активист Гапыр Нурбаев. – Бул жөнүндө Жогорку Кеңешке дейре убагында бир нече ирет даттанганбыз. Анын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына караштуу жер комитетитинин төрагасы Мамыт Ботоевдин жана анын табакташтарынын үстүнөн үч ирет кылмыш иши дагы козголгон. Тилекке каршы, булардын баары тең белгисиз жагдайлардан улам кайрадан жабылып кетти. А Кызыл-Кыя шаарындагы сейил бактын ордуна азыр жалаң элиталык үйлөр курулуп жатат. А жер тилкесин мыйзамсыз саткандардын бири дагы эмдигиче жоругуна жараша жазалана элек.

 

Баса, бул кашкайган чындыкты бетке айткандарды жана жазгандарды катарынан ботодой боздоткон Мамыт Ботоевдин жосунсуз жоруктарын Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку Соттун төрагасы жана Башкы прокурор абдан эле жакшы билишет. Анткени, булардын дарегине бир катар даттануулар байма-бай жолдонгон. Бирок, алар тарабынан кутурган аткаминерге карата убагында мыйзам чегинде чара көрүлбөстөн, элдин демин гана суутуп келатат.

 

Акыркы күндөрдө жалаң гана чындык үчүн чыркырагандардан куралган жоон топ ушул тапта Кызыл-Кыя шаарынын архивин беймарал башкарып жаткан биргездеги Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына караштуу жер комитетитинин төрагасы Мамыт Ботоевге жана анын ошондогу табакташтарына карата мыйзам чегинде катаал чара көрүлүп, мамлекетке таандык 1 гектар 76 сотых жер кайрадан Өкмөткө токтоосуз кайтарылбаса, мөөнөтсүз наарызычылык акция жарыялашаарын кыйытышты.

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити