Тажикстан президенти Эмомали Рахмон “Улут лидери – Эмомали Рахмон” аттуу мамлекеттик сыйлык уюштурду. Ал “демократиянын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуу”, “коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө” жана “эл арасында достукту чыңдоо үчүн” берилет.
Сыйлыкты тажик жарандары жана чет өлкөлүктөр менен катар жарандыгы жокторго да ыйгаруу каралган.
Ардак белгиде Рахмондун сүрөтү түшүрүлөт, чети алтын менен кооздолот. “Улут лидери – Эмомали Рахмон” сыйлыгынын акчалай бөлүгү 2500 айлык эсептик көрсөткүч, учурда бул 125 миң сомонини (14 миң доллардан ашык) түзүүдө.
“Тынчтыктын жана биримдүүлүктүн негиздөөчүсү - Улут лидери жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча “Улут лидери” орденин, музей, китепкана жана “улут лидеринин” архивин түзүүгө болот.