Биринчи май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековдун иши боюнча сот процесси болду.  

 

Анда сот кылмыш ишинин материалдарын иликтөөгө алды. Мавлян Аскарбеков Дача-Су айылынын жашоочуларынын Акүй алдындагы митингинде сүйлөгөн сөзүнүн видеожазуусу менен таанышты. Андан кийин эксперттен активисттин кайрылуусунда бийликти басып алууга чакырык бары-жогун сурады.

 

«Бул сюжеттерде андай чакырык жок», - деди эксперт.

 

Жарандык активист бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деп айыпталууда.