Абактагы саясий туткундардын кургак ачкачылык жарыялашканына бүгүн 17 күн болду. Бүгүн Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбековду №1 абакка которушканын саясий туткундарды коргоо комитетинен билдиришти.
ЖАМКнын маалыматына караганда, Кадыров менен Карыбеков ачкачылыкты токтотуша элек, ага карабай абакка этап алдында которулушту.
А Бектур Асанов 47-түзөтүү колониясында отурат. Анын акыбалы оор экени айтылууда. Аталган комитет болсо Асанов инфаркт алдындагы акыбалга келип калганын жарыялашты. Эми ага адвокатын да да киргизбей коюшту, ал эми колониянын дарыгерлери оппозиционердин акыбалы тууралуу так маалымат беришпей жатышат.
Абактагы саясий туткундар Б. Асанов, К. Кадыров жана Э. Карыбеков кургак ачкачылык кармашып, УКМКнын жетекчисинин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Эске салсак, бул оппозиционерлер бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып менен 20 жана 12 жылга кесилишкен.