«Депутаттар коомдук транспортто кантип жүрүшөрүнө кызыккан журналисттер биздин аялдардын кантип төрөөрүнө көңүл бургула», - деди депутат Альфия Самигулина Жогорку Кеңештин жыйынында.
Айтымында, журналисттер коомго ызы-чуу салбастан, тескерисинче, коомго пайда алып келчү маалыматтарды жазууга тийиш.
«Конструктивдүү болгула», - деп ММК өкүлдөрүнө депутат кеңеш берди.
Ал: «Көңүлүңөрдү депутаттар көтөрүп чыккан коомдун маанилүү маселелерине бургула», - деди.
Эске салсак, депутат Камчыбек Жолдошбаевдин коомдук унаа менен жүргөн айрым кесиптештери үчүн уяла турганын ЖКнын трибунасында айткан. Анын «уялуусу» коомдо резонанс жараткан. Депутат журналисттерди сындоосу менен Камчыбек Жолдошбаевдин таламын талашкандай болду.