Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
«21-кылымда адамдар соттолбогондугу тууралуу кичинекей тастыктама алуу үчүн 3-4 күндөп кезекте турганы бир четинен туура эмес, экинчиден уят. Мен тастыктама алуу процессин оңойлоштурган мыйзамдолбоорун демилгелегем. Анда мындай тастыктаманы талап кылган тийиштүү мекемелер ИИМден өздөрү суратышмак. Бирок, мыйзамдолбоору кабыл алынганы менен президент кол койбой кайра артка кайтарган», - деди Бекешев.
Айтымында, жаран жумушка орношоордо ага соттолбогондугу тууралуу тастыктама керек болот.
«Мындай тастыктама электрондук формата берилүүгө тийиш. Бул маселени премьер менен талкуулаганбыз. Ал «Таза коом» программасынын алкагында тастыктамалар электрондук форматта бериле баштайт деп айткан. Эмнеге өкмөттүн айрым мүчөлөрү премьердин көрсөтмөсүн аткарышпайт?» - деди депутат.