Москвадагы Белоруссия вокзалынан жүргүнчүнү тоногон адам кармалып, ал Кыргызстандын жараны болуп чыкты.

 

Бул тууралуу россиялык маалымат каражаттары жазышты.

 

 Маалыматка караганда, кармалган жаран 35 жашта жана туруктуу иши да, расмий каттоосу да жок. Вокзалдарда түнөп күн өткөрүп жүргөн. Ал поезддин келер убактысын күтүп отуруп, уктап калган аялдын колунан түшүп калган сумкасын ачып, 12 миң сом жана уюлдук телефонун уурдап алган.

Андан кийин дагы бир жүргүнчүнүн зарядка сайып койгон телефонун уурдаган.

 

Кылмышты жасагандан бир күндөн кийин кармалып, полицияга жеткиришкен.