Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген  артисти Назира Мамбетова ушул кезге чейин үйү жок жүрөт. Ал учурда башка бирөөлөрдүн жашоого толук шарты жок үйүндө жашайт.

 

Картинки по запросу назира мамбетова 

 

Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

 

“Жакында актрисанын юбилейин белгилеген салтанатта болдум. Анда шайлоочулардын  мамлекет маданиятка көңүл бурбайт деген нааразычылыгы айтылды.  Көрсө,  Эмгек сиңирген  артист башка бирөөнүн жашоого шарты жок үйүндө күн кечирет экен”, - деген Ирина Карамушкина премьер-министр Сапар Исаковго кайрылды:

 

“Премьер-министрден  Назира Мамбетовага батир белек кылуунун мүмкүнчүлүгүн табуусун өтүнөт элем. Маданият ишмерлеринин жашоо шарттарына көңүл буруу керек. Аларды мамлекет колдоого тийиш. Алар интеллигент  жана тартынчаак адамдар болгондуктан эч убакта чиновниктерге өздөрү келип, сурана алышпайт”, - деп белгиледи депутат.

 

Назира Мамбетова 70 жашта. Бир уул, бир кыздын энеси.

 

1972-жылдан 1980-жылга чейин Ош драма театрында эмгектенген. Кино жаатында 1972-жылдан бери келатат. Бул жылдар аралыгында бир топ кинотасмаларга тартылган. Белгилүү драматург Султан Раевдин “Суфлер” спектаклинде башкы ролдордун бирин жараткан.

 

Бул актрисанын үйү жоктугу тууралуу 2000-жылдардан бери эле маал-маалы менен айтылып, маалымат каражаттарына жазылып келатат. Бирок, тийиштүү тарап көңүл бурууга жетише элек.