Алай районунда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз атышкан браконьерлер кармалышты. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев кабарлады.

 

- Жалпысынан беш адам курал-жарагы менен колго түштү. Алар аңчылыктан кайтып келатышканда кармалышты. Текшергенде, алардын аңчылыкка дегеле уруксаты болгон эмес! Ошондуктан, Кылмыш-Жаза Кодексинин 278-беренесине ылайык мыйзамсыз аңчылык кылгандардын бирине кылмыш иши козголду,- деп кошумчалады Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев.

А калган төрт аңчыга акыркы сааттарда административдик жаза салынды.

 

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити