Депутат Д.Бекешев демилгелеп жаткан “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун бүгүн, 12-февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет карап, жактырды. Анда интернетте негизсиз сын пикир жазгандардын жоопкерчилигин кароо сунушталууда. Моралдык чыгым катары «айыпталуучуга салынуучу айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбош керек» деп белгиленүүдө.
Мыйзам долбоору талкууга коюлду.
Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди.
«Айыппулдун төмөнкү чеги 20 миң сом экен, анын жогорку чегин да белгилеп коюу керек. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу коомчулукту өз пикирин айтууда ооздуктап салышыбыз мүмкүн. Жеке мен бул мыйзам долбоорун колдобос элем. Кесиптештеримди да ушуга чакырам", - деди.
Депутат Тазабек Икрамов сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирди.
Икрамовдун алкымы чоңураакпы, 20 миң сомго алымсынбай, 50 миң сом кылуу керек дейт.
Мыйзам долбоорун колго сала келгенде депутаттар Ж.Акаев, А.Касымалиева, Н.Никитенко каршы добуш беришсе, комитеттин калган мүчөлөрү аны колдоорун билдиришти.
Эл ишенип шайлаган депутаттар акырындык менен элдин оозун жабуунун камылгасын көрүп башташты. Депутат Дастан Бекешевдин бул мыйзамдолбоору ишке ашып кетсе, жарандар ашыкча ой-пикирин билдире алышпайт. Бир аз гана жогору тарапка жакпай калган пикирлер үчүн аны жазгандар шакылдатып айыппул төлөп беришет. Ошентип, Кыргызстан бир гана балык депутаттардын эмес, билгенин айта албаган жарандардын да өлкөсүнө айланат.