Картинки по запросу нарын айып 

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков журналист Нарын Айыптын үйүн сатыкка коюуну талап кылды. Ушундай эле талап мамлекеттик айыптоочулар тарабынан да айтылды.

 

Бул тууралуу бүгүнкү сот процессинде белгилүү болду.

 

Мамлекеттик айыптоочу Нарын Айыпты соттун чечимин өз эрки менен аткаруудан баш тартып жатат деп айыптады.

 

Анда белгилүү болгондой, журналисттин жашап жаткан үйдүн үчтөн бир бөлүгүн гана сот аткаруучулары ала алышат. Калган эки бөлүгү Нарын Айыптын апасы менен карындашына тийиштүү.

 

 Нурбек Сыдыков жоопкер тарап соттун чечимин аткарууну каалабагандыктан, анын үйүн сатыкка коюуну талап кылып жатканын билдирди. Айтымында, журналист ал үйдө жашайт жана каттоого турган.

 

Журналисттин айтымында, ал үй бир гана аныкы эмес, апасы менен карындашынын да үлүшү бар. Ал соттун чечимин аткарбаганын айыптоочу тарап акча которууга эч кандай эсеп бербегени менен түшүндүрдү.

 

 «Көп болбосо да, азыраак акча бар. Бизди колдоп айрым кесиптештерибиз бир күндүк айлык акысын которушкан. Кээ бир адамдар дагы редакцияга акча алып келип беришти. Бул акчаны кайда которууну азырынча билбейбиз», - деди Нарын Айып.

 

 Мамлекеттик айыптоочу үйдүн журналистке тийиштүү бөлүгүн ачык аукциондо сатышаарын белгиледи.

 

Бирок, андан түшкөн акча бардык сумманы жаппайт. Ошондуктан, журналист үйүнөн да ажырап, дагы кошумча сумма төлөшү керек.

 

Эске салсак, Башкы прокуратура Атамбаевдин пайдасына журналисттен акча өндүрүүнү талап кылган. Эки журналист жана бир укук коргоочу экс-президентке 12 млн сом төлөп бериши керек.