Акүй алдында митинг болууда. Митингчилер абактагы саясий туткундардын тарапташтары. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылышты.
Саясий туткундардын укугун коргоо комитетинин башчысы Сапар Аргымбаевдин айтымында, президент коопсуздук Кеңешиндеги убадасын аткарышы керек.
«Президент укук коргоо органдары жана соттордун кетирген кемчиликтеринин ар бирин көз жаздымында калтырбай турганын айтты. Эгер мындай маселелерди чечүүгө президенттин саясий дарамети жетсе, анда жок дегенде УКМКнын жетекчисин кызматтан алууну талап кылабыз. Бул киши мыйзамдуулукту плинтустан да ылдыйлатып жиберди. Аны кылмыш жообуна тартууну да талап кылабыз», - дейт Аргымбаев.
Эске салсак, буга чейин саясатчылардын тарапташтары Асанов, Кадыров жана Карыбеков кармалып турган №47 абагынын жанында да митинг өткөрүшкөн.