Абактагы саясий туткундар кургак ачкачылык кармап жатышкан Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров Дастан Сарыгуловдон ачкачылыкты токтотууну суранышууда.
Бул тууралуу Акүй алдындагы ачкачылык кармаган саясатчыларды колдоо митингинде белгилүү болду.
Саясий туткундардын укугун коргоо боюнча комитеттин төрагасы Сапар Аргымбаевдин айтымында, кайрылууга үч саясий туткун кол койгон. Алар Дастан Сарыгуловдун жаш курагын жана ден соолугунун начардыгын эске алуу менен андан ачкачылыкты токтотууну суранышкан.
«Ден соолугуңуз акыркы эки жылда начарлаганын билебиз. Ошондуктан, ачкачылыкты токтотууңузду суранабыз. Сизге мындай кылууга болбойт», - дешкен саясий туткундар.
Эске салсак, Дастан Сарыгулов да жогоруда аталган саясий туткундар менен чогуу кармалып, кийинчерээк төрт жылга шарттуу кесилип, сот залынан бошотулган.
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылга эрктеринен ажыратылса, Эрнест Карыбеков 20 жылга кесилген.