Генерал Талант Исаевдин сүйлөшүүлөрү кимге кызык болуп, ким тыңшоочу аппарат орноштурганын иликтөөнү Бишкек шаардык прокуратурасы колго алды.
Эске салсак, жакында камактагы депутат Канатбек Исаевдин бир тууган агасы, генерал Талант Исаев шаардагы кафелердин биринде досу менен тамактанып отуруп, стол түбүнөн тыңшоочу аппарат таап алганы маалым болгон.
Генерал кафенин көзөмөлдөөчү видеосун көрсөтүүнү талап кылганда, алар кафеге келээрдин алдында белгисиз жигит кирип, официантка бир буюмду бергени, а официант Исаев отурган столго заказ алып аткан учурда коюп кеткени аныкталган.
Белгилей кетсек, генерал менен чогуу тамактанууга кирген досу депутат Каныбек Иманалиев болгон. Ал милицияга арыз жазып кайрылган.
Кафенин видеосу алынып, анда иштегендер сурак беришкен. Официант тыңшоочу аппаратты койгонун моюнуна алган.