Бишкектеги Жумушчулар шаарчасындагы парктын аймагында курула турган таунхаустардын курулушу токтотулду. Бул тууралуу Ленин районунун акими Нурдин Тынаев маалымат каражаттарына билдирген.

 

Эске салсак, социалдык тармактарга Жумушчулар шаарчасындагы парктын аймагында элиталык үй курула турганы жарыяланган. Жергиликтүү тургундар парктын аймагына тосмо орнотушуп, курулуш башталып жатканына нааразычылык билдиришкен.

 

Мындан улам тийиштүү аткаминерлер Бишкекбашкыархитектурага маалымат берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

 

Акимдин айтымында, курулуш иштери убактылуу токтотулган.

 

«Биз курулуш боло турган жерге жакынкы үйлөрдүн жашоочуларынын пикирин эске алып, бул маселени кандай чечүүнүн жолдорун караштырабыз. Жер тилкенин ээси ал жерге таунхаус курууну пландады деген маалымат алганбыз. Бирок, биз жакшылап карап чыгып, ал жерге тургундар үчүн спорттук зал курууга боло турганын ойлондук. Ошондуктан, жеке менчик курулуш болбойт», - деген аким.

 

 

Айтымында, жер тилкесинин ээсинин бардык документтери бар, ал  жерди  ижарага алган.