Молдовановка айылында жазаларды аткаруу мекемелеринин кызматкерлери үчүн үй курулаары белгилүү болду.
Бул тууралуу Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 36 батирлүү үй курулат.
ЖАМКнын төрагасы Таалайбек Жапаровдун айтымында, аталган айыл аймагында беш түзөтүү мекемеси орун алган, анда иштеген кызматкерлер турак-жайга муктаж.
«Кылмыш-аткаруу системасынын кызматкерлерине арналган 24 батирлүү үй Нарында эксплуатацияга берилди. Андан тышкары Бишкек жана Жалал-Абадда да ЖАМК кызматкерлери үчүн эки үй бүткөрүлгөн. Январда 19-түзөтүү колониясынын жанында Жаны-Жер айылында 24 батирлүү үйдүн курулушу башталды», - деген төрага.