Дүйнөлүк маданияттын казынасына кирген улутубуздун сыймыгы атактуу “Манас” эпосу жөнүндө Советбек Байгазиевдин демейдегидей эмес, аты да башка, заты да башка китеби жарык көрдү. Ал “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” деп аталат. Мындай түрдөгү китеп буга чейин жарык көрө элек эле.

 

Китептин өзгөчөлүгү жана жаңылыгы Манас Ата тутунган моралдык-этикалык, рухий-адептик, идеялык-философиялык, патриоттук эреже-жоболор эпостун «океанынан» бирден терилип, өзүнчө жыйналып, ирээтке келтирилип, адеп-ахлак кодекси түрүндө жалпы калайык-калкка тартууланып жаткандыгында. Манас баатыр колдонгон дөөлөттөр кыргыз элинин дөөлөттөрү. Бул  асыл-нарк дөөлөттөрдү, эреже-жоболорду, идеялык нарктарды, китепте жазылгандай, кыргыз эли өзүнүн узак тарыхында дүйнөнүн ой-чуңкурун көрүп, Азиянын бороон-чапкындуу мейкиндеринде, жашоо үчүн каарман күрөштүн жолдорунда азап-тозокту, (“кайыӊ барбы кыргыз балта чаппаган, кырыӊ барбы кыргыз сɵɵгү жатпаган”) ысык-суукту, ачуу-таттууну баштан кечирген татаал жана эң бай өмүр тажрыйбасынан жууруп жараткан. Улуу Манас ошол нарктардын алып жүрүүчүсү.

 

Ак калпак калк ѳзүнүн ошондой рухий асыл нарктарын жана адептик – патриоттук кенчтерин топтоштуруп, улуу “Манас” эпосуна уюткан алтындай кылып чѳгѳргѳн. Ар бир эреже-жобо, этикалык принцип, (Кѳптѳрдүн “Манас” менен баштан-аяк тааныш эмес экенин эске алып) эпостун өзүнүн сюжетинен алынган мисалдардын, фактылардын негизинде  түшүндүрмөлөр, чечмелөөлөр, кыска-нуска талдоолор,мүнѳздѳмѳлѳр  менен коштолгон. Кодекс деген сөз эмгекте расмий-юридикалык мааниде эмес, этикалык мааниде, ар намыс кодекси (кодекс чести) дегендей, Манас Атанын адеп-ахлак эреже-жоболорунун топтому маанисинде пайдаланылган. Профессордун бул китебинен Манас Атанын жүзү, кыргыздын жүзү көрүнөт. Кыргыз эли бирөөлөрдөн көчүрүп жашаган эл эмес экен. Азиядагы байыркы эл катары кыргыз эли өзүнүн моралдык идеологиясы бар түптүү калк экен. ϴзүнүн илгертен келе жаткан адеп-ахлак кодекси бар экен.

 

«Эгерде эгемендүү мамлекетибиз өзүнүн рухий пайдубалына улуу Манас Атанын адеп-ахлак жоболорун негиз кылып алса, Ала-Тоо мекенибиздин ар бир жараны –мамлекеттик ишмерден тартып, катардагы атуулга  чейин баалуулук багытын кайра куруп, айкөл Манастын тартууланып отурган ыймандык, мекенчил, интернационалдык эрежелерин жетекчиликке алып жашай турган болсо, анда ата мекенибиздин, ак калпак журтубуздун «ташы өйдө карай кулап», дүйнө өлкөлөрү менен гармонияда жашап, гүлдөп, өркүндөп – өсмөк», - дейт автор китебинде.

 

Чынында эле, “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” ар бир Ала-Тоолук жарандын үстөл китеби болууга татыктуу деп ойлойбуз. Анткени бул китепте кыргыз элинин рухий-маданий жашоосунун түпкү уңгулары берилген. Бул уңгу-дөөлөттөр кечээ да улутту сактаган, бүгүн да сактап жатат, келечекте да сактайт. Аталган китеп Кыргызстандын жарандарынын тарбиясы үчүн олуттуу көрөңгө. Китепти окугандан кийин өз элиң үчүн, Манас үчүн, Манастын тукуму болгондугуң үчүн сыймыктануу сезими пайда болбой койбойт.

 

Советбек Байгазиев “Манас” эпосунун нарктары жөнүндө буга чейин 30га жакын изилдөө китептерин, окуу китептерин, окуу куралдарын, тарбия колдонмолорун жазып, мектептерге жана жогорку окуу жайларына жайылткан. Окумуштуу улуу эпостун фольклористикалык маселелерине эмес, “Манастын” жогоруда айтылгандай рухий кенчтерин, адептик-ыймандык дөөлөттөрүн, идеялык-философиялык, патриоттук, гуманисттик нарктарын калайык-калкка ачып берүүгө жана аларды муундар тарбиясынын кызматына чегүүгө басым коёт. Бул бүгүнкү күндө өтө керек маселе. С.Байгазиев бул жагынан зор иштерди жасап жатат. 2017-жылы С.Байгазиевдин 45 басма  табак көлөмүндөгү «Манастаануу» китеби ϴкмөттүн каражаты менен жарык көрүп, ЖОЖдорго таратылды. Ал эми Жогорку  Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков 2016-2017-жылдарда С.Байгазиевдин министрлик мектептерге сунуш кылган Манас, Каныкей, Бакай, Кошой жөнүндөгү төрт китебин өз каражатына 4000 нускада чыгарып, Нарын областына акысыз таратып  берди.Мындай азаматтыкка ким ыраазы болбосун.

 

“Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” С.Байгазиевдин 20 жылдык изилдөө мээнетинин натыйжасы. Акырында айтаарыбыз, бул китепти “кыргыздардын китеби” десек жаңылышпас элек. Китепке атактуу академик Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаков өздөрүнүн ак баталарын беришкен. Эмгекти басмага КРдин Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Окумуштуулар кеңеши сунуш кылган.

 

Рахила Умарова,

филология илимдеринин кандидаты

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05, 14.02.2018-ж.