Бишкектеги Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери ЖК депутаттарынын, премьер-министрдин жана вице-премьер-министрдин атына арыз жолдошкон.
Алар аталган бөлүмдүн жетекчиси С. Иманбаеванын кызматтык абалынан пайдаланып, оор моралдык-психолгиялык кырдаал түзгөнүн билдиришкен.
Арызданууда:
«Жакында анын «Офтамед» аттуу жеке менчик кабинети ачылган, ошондон бери амбулатордук оорулууларды текшерүүгө бир гана ушул кабинетке жөнөтүүнү милдеттендирди. Ал санитаркаларды иштен айдап жиберем деп коркутуп визиткаларын тараттырат», - деп жазылган.
Ошондой эле бөлүм башчы жеке менчик борборуна мамлекеттен Улуттук госпиталга берилген жабдыктарды жана таңуучу материалдарды алып пайдаланаарын белгилешкен.
Улуттук госпиталдын башчысы Динара Сагинбаеванын айтымында, дарыгерлердин бул арызын жетекчилик алган. Ал боюнча комиссия түзүлдү. Арыз Саламаттыкты сактоо министрлигине да жеткендиктен, учурда министрлик жана госпиталдын биргелешкен комиссиясы түзүлгөн. Комиссия иликтөө ишин ушул жуманын аягында соңуна чыгарат.