Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Бишкек-Кара-Балта каттамы боюнча жүргөн кичи автобустун айдоочусу айдоочулук укуктан ажыратылгандан кийин да автоунаа башкарган.
Бул боюнча Башкы прокуратура КР Кылмыш жана жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Белгилүү болгондой, 2016-жылдын 19-майында Чүй облусундагы Москва райондук соту А.А.аттуу жаранды жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптуу деп таап, жатак-колонияга 9 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле 4 жылга автоунааларды айдоо укугунан ажыраткан. Чүй облустук соту ушул эле жылдын 8-июлунда райондук соттун чечимин өзгөрүп, жатак-колониядан бошоткон, бирок, айдоочулук укуктан 4 жылга ажыратуу өкүмү күчүндө калтырылган.
Анткен менен 2017-жылдын 17-июлунда Чүй аймактык автоунаа, суу транспортторун башкаруу Агенттиги ага жүргүнчү ташууга лицензия беришкен. Ал Бишкек-Кара-Балта багытындагы маршрутканы айдаган.