Каракол шаарында каза тапкан 2 жаштагы баланын ата-энеси кылмыш ишин козгоону талап кылышты. Айтымдарында, баланын организми алсыз болгон, ошондуктан тез-тез ооруп, Бишкекке чейин дарыланууга алып барып жүрүшкөн. Бирок, баланы оорудан улам кайтыш болду деп эсептешпейт.

 

 

«Ошол күнү бала бакчадан алганыбызда балабыз начар акыбалда болчу. Кулагы ооруп жатканын айтты. Кулагы чындап эле шишип, көгөрүп кетиптир. Андан кийин комага түштү да, каза тапты», - дейт ата-эне.

 

 Ысык-Көл ИИБинин маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, бул боюнча экспертиза дайындалган. Экспертиза Бишкекте жасалат. Анын корутундусу чыкмайынча, бала оорудан, же таяк жегенден каза тапканын аныктай алышпайт.

 

«Денени сойгондо анын эки өпкөсү жабыркаганы белгилүү болду. Баланын өлүмүнүн себеби аныкталгандан кийин кылмыш ишин козгойбузбу, же жокпу, чечебиз», - дейт укук коргоо кызматы.