Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитетинин алдында түзүлгөн “Даанышман” интеллектуалдык клубунун кезектеги оюну болуп, анда Жалал-Абад колледжинин студенттеринен турган команда жеңүүчү аталды. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.

 

Бул интеллектуалдык оюнга филология факультетинин жана Жалал-Абад колледжинин 1-2-курсунун студенттеринен турган командалар катышышты.Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усеновдун айтымында, “Даанышман” интеллектуалдык оюнунда эки командада бештен, жалпысынан 10 студент ойноду. Мында командаларга “Кыргызстандын географиясы” жана “Менин университетим” деген темаларда 40 суроо узатылып, берилген суроолордун жыйынтыгында Жалал-Абад колледжинин командасы16 упай топтосо, филология факультетинин студенттери 14 упай жыйнай алышты.

 

Ошентип 2 упай көбүрөөк топтогон Жалал-Абад колледжинин студенттери оюндун жеңүүчүсү аталышты.

 

Эскерте кетсек, “Даанышман” интеллектуалдык оюну ар жума сайын факультеттер арасында өтүп турмакчы.