Картинки по запросу албек ибраимов в общественном транспорте 

 

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коомдук унааларга түшкөндөн уялбайт.

 

Бул тууралуу маалымат жыйынында айтты.

 

«Мен коомдук унааларга түшкөндөн уялбайм. Ар жума ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорт кандай иштеп жатканын билүү максатында ага түшүп каттайм», - деди мэр.

 

Ал жакында мэр болуп иштегенине эки  жыл толоорун белгиледи.

 

«Мен коомго чыга берүүнү жактырбаган адаммын, маршурткаларга түшүп, фотограф менен журналистти ээрчитип алып, коомчулукка чыгарып мактангым келбейт. Мен коштоочулар жок эле коомдук унаа менен жүрөм. канча жүргүнчү түштү, анын канчасы жеңилдик алган жүргүнчүлөр экенин билүү максатында хронометраж жасаган учурлар болгон», - деп кошумчалады Ибраимов.