Бишкек шаарынын мэрии Албек Ибраимов шаардагы жер өткөөлдүн оңдоо иштери ойдогудай болбой калганын моюнуна алат.
Ал бул тууралуу маалымат жыйынында билдирди.
Журналисттердин бири жер өткөөлө жакында плиталар сыйгалак болуп калгандыктан, кош бойлуу аял жыгылганын айтты.
«Актангым келбейт. Андай нерсе болгону чын, ага убагында көңүл бурдук. Нымдуулук көбөйүп кеткендиктен плита сыйгалак болуп калыптыр. Жылма мраморду демонтирлөөгө болбойт, аны атайын ыкма менен бүдүрлөп коюшат, ошондо сыйгалак болбойт», - деди мэр.
Айтымында, көзү майыптар үчүн орнотулган каттамды да оңдошот.
Эске салсак, ЦУМ жана филармониянын жанындагы жер өткөөлдөр оңдоо иштеринен аз убакыт өтпөй ар кайсы жеринен кемчиликтер табылып жатканы белгилүү болгон.