Картинки по запросу 12 тысяч сом 

Дарыгерлердин орточо эмгек акысы 2017-жылы 12 миң 105 сомду түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.

 

 Анда маалым болгондой, орто категориядагы медициналык кызматкер айына орточо эсеп менен 9 миң 143 сом алса, кичүү кызматкерлер 6 миң 385 сом алышат. Стационардагы кызматкерлердин айлык акысы миң сомго жогору.

 

Ошондой эле, өткөн жылы ооруканаларга ар бир оорулууга дары-дармекке 149,93 сом бөлүнгөн, а тамак –ашка 79, 08 сом каралган.