Картинки по запросу денежное дерево 

 

 

Акча дарагы деп аталган үй шартында өсчү гүл   гүлдөбөй турганын аны өстүрүп жүргөндөр жакшы билишсе керек. Бул дарактын абдан кооз гүл ачаарын билгендер да  болушу мүмкүн. Элдик ырымдарда акча дарагы гүлдөгөндө гана үйгө байлык менен бакыбаттуулукту алып келет деп айтылат. Даракты үйүбүзгө байлык алып келүүгө кантип көндүрсөк болот?

 

Эмне себептен акча дарагы гүлдөбөйт?

 

 

  1. Аз    гүлдөйт, акча дарагы биринчи жолу 5 жашка чыккан курагында гана гүл ачышы мүмкүн.
  2. Бул гүл топурак тандабайт жана сууну көп ичпейт. Ошондуктан, эгер сиз акча дарагын ашыкча суугарып жатсаңыз, анда гүл ачышын күтпөй эле коюңуз.

 

 Гүл ачууга кантип «мажбурлоо» керек?

 

Картинки по запросу денежное дерево цветет 

 

  1. Суугарууга бөлмө температурасындагы сууну колдонуңуз.
  2. Өсүмдүктүн алдындагы топуракка жер семирткичтерди кошуп, кошумча азыктандырыңыз. Кактуска арналган жер семирткичтер ылайык келет.
  3. Суук кетип жаз келгенде гүлдү таза абага чыгарыңыз, же ал турган бөлмөнү тез-тез желдетип туруңуз.
  4. Гүл бой тиреген сайын улам чоңураак идишке көчүрүңүз.
  5. Дарактагы эски, чириген жалбырактарды калтырбай үзүңүз.