Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясы Тез жардам кызматын акы төлөнүүчү кылуу маселесин талкуулады.
Милдеттүү медициналык камсыздоо Фондунун жетекчиси Марат Калиевдин айтымында, оорулууларды ташууга көп каражат чыгымдалат.
«Ошондуктан Тез жардамды акы төлөнө турган кылууга убакыт келип жетти. Албетте, айрым категориядагы жарандарга Тез жардам кызматы бекер бойдон калат. Чет өлкөлөрдө эч ким Тез жардамды жөн-жай чакырбайт, анткени, ага акча төлөө керектигин билишет», - дейт Калиев.
Ал жаңычылдыкты Тез жардамга кайрылуулар аз болгон аймактардан баштоону сунуштады.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев да бул сунушка макул болду. Анткени, министрдин айтымында, саламаттыкты сактоо тармагында каражат тартыштыгы жогору.