Сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстан Баткен облусундагы өткөрүү пунктун ачты. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынан  билдиришти.

 

Маалым болгондой, көзөмөл өткөрүү пункту кечээ, саат 17:30дан баштап иштей баштаган.

 

 «Эки тараптын чегара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүүнн жыйынтыгында, тажик тарап Баткен облусундагы Сай Лейлек аймагындагы көпүрөнү ачышты. Учурда ал жерде Тажикстандын чегарачылары жок.  «Кулунду –автоунаа жолу», «Кайрагач-автоунаа жолу» транспорттук каражаттарды жана жүк ташуучу унааларды өткөрүүчү пункт да калыбына келди. Кыргыз-тажик аймагындагы мамлекеттик чегарада абал туруктуу», - деп билдирди КР Мамлекеттик чегара кызматы.

 

 Эске салсак, кечээ Тажикстан Баткендеги Лейлек районундагы чегараны бир тараптуу жапкан. Анын негизинде «Кулунду-автоунаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктунан жарандар жана жүк ташуучу унаалар өткөрүлгөн эмес. Ошондой эле тажик чегарачылары Сай Лейлектеги көпүрөнү да жаап, ал жерге чегарачыларын көп санда койгон. Ал көпүрө менен Лейлектин жергиликтүү тургундары каттап, балдар мектепке барышчу.