Камчаткада Кыргызстандын 24 жаштагы жараны мамлекеттик чегараны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн айыпталууда. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышкан.
Маалыматка караганда, 2014-жылы 24 жаштагы жигит Россияга убактылуу барып, Камчаткада расмий жашаган. 2016-жылы жашоого уруксат берүү мөөнөтү аяктагандан кийин аны кармалып, административдик жоопкерчиликке тартышкан. Соттун чечими менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Кыргызстанга келген жигит аты-жөнүн өзгөртүп жаңы паспорт алган. Ош-Новосибирск багытындагы учак менен Россиянын мамлекеттик чегарасынан өтүп, Камчатка аймагына барган. Ал жактан чегара башкармалыгынын кызматкерлери кармашкан.
Бул кылмышы үчүн 300 миң рубль айып төлөшү керек, же 4 жылга жумушка чегерилет. Же болбосо 4 жыл эркинен ажыратылат.