Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата белек сатып алат.
Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.
Маалыматка караганда, белектерге жалпысынан 850 сом коротулат. Белектерди 7-мартта майрамдык салтанат өтүүчү Кыргыз улуттук филармониясына жеткирүү керек.
1000 комплект белек сатылып алынаары белгилүү болду, ар бир таңгактын ичинде жибек жоолук жана табигый баркыттан жасалган косметичка бар.