Талант Исаев абактагы депутат Канатбек Исаевдин бир тууган агасы. Буга чейин ИИМдин министринин орун басары болуп иштеген.
Генерал достору менен жолугушкан кафеден тыңшоочу аппарат табылган.
Бул тууралуу генерал өзү «24.kg» Мага билдирген.
Айтымында, кечээ Бишкектеги кафелердин биринде достору менен жолугушкан.
«Биз тамактаналы деп киргенбиз. Эсепти сурагандан кийин колумду столдун алдына байкоосуз сунуп, ал жактан «жучок» таптым. Видеону көрсөткүлө деп талап кылдым. Көрсө, аппаратты бизден заказ алган официант орнотуптур. Досторум милицияга кайрылышты», - деген Талант Исаев.
Бирок, ал өзү милицияга арыз жазган эмес. Анын себебин: «Менин артымдан көптөн бери аңдып жүрүшөт. Аны билем. Эмнеге экенин да билем. Канат иним үчүн»,- деп түшүндүргөн.
Эске салсак, Канатбек Исаев президенттик шайлоо алдында бийликти күч менен басып алууга аракет көргөн деген айып менен камакка алынган.