Кара-Балта шаарында өрт чыгып, андан эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт бир үйдүн бөлмөсүнөн чыккан. Анда жыгач полдун 6 чарчы метри күйүп кеткен.
Кырсык болгон жерде 1977-жылы туулган кишинин жана 1951-жылы туулган аялдын сөөгү табылган. Өрт мештин морунун туура эмес орнотулганынан улам жаралган.