2018-жылы №1 мамлекеттик резиденция 2300 рулон даарат кагазын сатып алаары мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Анда жазылгандай, даарат кагазын сатып алууга бюджеттен да, атайын эсептен да каражат бөлүнгөн. жалпысынан 58 400 сом коротулары пландалган. Кагаз сөзсүз түрдө аппак, эки кабаттуу, сүрөттөрү жок болушу шарт.
Мейманкана комплексине жана үйлөргө чарбалык, жеке гигиеналык товарларга 1,6 млн сом коротулат.