«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Саляновага карата Ленин райондук соту чыгарган беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды.

 

Эске салсак, райондук сот Салянованын кичинекей кызы бар болгондуктан, 2 жаштагы кыз 14 жашка чыккандан кийин гана сот чечими аткарылаарын белгилеген.

 

 БШКнын билдиргенине караганда, Аида Салянова соттолуучу болуп калгандыктан, депутаттык мандатынан ажыратылат. Бишкек шаардык сотунун чечими жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкек шаардык сотунун токтому келгенден кийин мандат алынат.

 

 «Ата Мекен» партиясынан Салянованын ордуна Гүлнара- Клара Самат келээри маалым болду. Мындай табышмактуу ысымдуу айым бир кездерде БШКнын төрайымы болгон. Курманбек Бакиевдин учурунда аталган кызматты ээлеп, шаардык кеңешке шайлоодон кийин (2008-жыл) Максим Бакиев коркутуп жатканын айтып, анан чет мамлекетке качып кеткен. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин ысымына Гүлнара дегенди кошуп, фамилиясын өзгөртүп кайтып келип турган чагы.