Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейиндеги мушташтан кийин 13 курсант окуудан айдалды. Бул тууралуу коргоо боюнча Мамлекеттик комитеттен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 13 курсант окуудан айдалган жана 2 офицер жумуштан алынган.

 

 Учурда окуяны иликтөө иштери жүрүүдө. Окуу жайдын уставы курсанттарды окуудан чыгарууга жол берет.

 

Эске салсак, 5-февралда аскер лицейинин курсанттарынын катышуусундагы мушташ интернетке тараган.